Марал Радиосу

ИИМ: Бишкекте үч адамдын өлүмүнө шектүү кармалды

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерге барган Бишкек шаардык жана Октябрь райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу кароо жүргүздү. Аталган даректен үч адамдын: аялдын жана анын уул-кызынын сөөгү табылган. Маркумдардын киши колдуу болгонун далилдеген манжа тактары, буюмдар алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине алып келинген. Учурда  тергөө жүрүп жатат.