Марал Радиосу

«Аскер окуу жайындагы курсанттын бардык чыгымын мамлекет камсыздайт»

«Аскер окуу жайы мыйзам боюнча келишимдик кызмат болуп эсептелет». Бул тууралуу Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Талгат Саалаев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Аскер окуу жайына окугандан кийин милдеттүү түрдө куралдуу күчтөрдө офицердик орундарга кызмат кылуу боюнча келишимге кол коюшат. Андан сырткары чет өлкөлүк окуу жайларга тажрыйба алуу максатында жиберилет. Жол жүрүү, аскердик кийим-кече, тамак-аш жана окуу чыгымдары мамлекет тарабынан каржыланат. Окууну ийгиликтүү аяктаган соң, 100%дык негизде куралдуу күчтөрдүн түзүмүндө офицердик иш орундарына дайындалышат», — деди ал.

Анын айтымында, аскерлерди мобилдик даярдоо сабагы бар. Окуу жайды бүткүчө BC категориясы менен унаа айдоо укугун алып чыгышат.

Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун директору Каганат Уразбеков белгилеп өткөндөй, 28-январдан баштап Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жети облустун эки шаарында таанытуу иштери жүргүзүлгөн. Аталган иш-чарадан кийин жаштардын аскердик окууга кызыгуусу арткан.

«Аскер институтунда орус, англис, түрк жана немис тилин окутабыз. Андан сырткары маданий, спорт жаатындагы иш-чаралар өтүп турат. Кошумча стипендия да каралган», — деп кошумчалады Уразбеков.