Марал Радиосу

Бишкектен Түркиядагы жабыркагандарга 7 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 7 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Жүк 14-февралда түнү Pegasus Airlines авиакомпаниясы менен 2 тонна, «Түркавиалиниялары» авиакомпаниясы менен 5 тонна 850 кг жөнөтүлдү.

Элчиликтин маалыматына ылайык, актуалдуу болуп жаткан муктаждыктардын тизмесине кышкы чатыр, жууркан, газ жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар кирет.

Эскерте кетсек, Бишкектеги гуманитардык жардам чогулткан пункт Жибек-Жолу, 264 дарегиндеги борбордук мечитте жайгашкан.

Exit mobile version