Марал Радиосу

Кыргызстанда бир сутка ичинде 8 өрт катталып, бир адам каза болду

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин Свердлов районундагы Дачная көчөсүндө турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган З.Д. аттуу эркек киши каза тапкан. Учурда өрттүн себеби такталууда.