Марал Радиосу

Садыр Жапаров кыргыз-венгер бизнес форумуна катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн кыргыз-венгер бизнес форумуна катышты. Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм, курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компания катышты.

Форумдун ачылышы Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган видеоролик менен башталды.

Садыр Жапаров бизнес форумда сөз сүйлөп жатып, соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы баштапкы капиталы 50 миллион доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн белгиледи. Фонддун ишмердүүлүгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес тармагына каржылык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Учурда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Жапаров Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү толук колдонула элек деген ойдо.

«Мисалы, 2022-жылдын 11 айында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 7,6 млн АКШ долларын эле түздү.
Демек, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берүү маанилүү. Бул багытта жакынкы жана алыскы рынокторго органикалык продукциянын экспортун илгерилетүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Биз агро-өнөр жай комплексинде жаңы технологияларды колдонуу боюнча Венгриянын тажрыйбасына кызыкдарбыз. Мындан сырткары Венгрия Европа Биримдигинин мүчөсү катары Кыргызстанга ВСП+ алкагында тарифтик өзгөчө жеңилдиктерди берерин белгилейм. Башкача айтканда, Кыргызстандын продукциясын Венгрияга эч кандай алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар», — деди президент.

Садыр Жапаров 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына барган. Ал Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган.

Exit mobile version