Абактагы активист Перизат Суранова ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазды. Суранова 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилгенин адвокаты да тастыктады.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Перизат Сурановага тез арада операция жасалышы керектиги январдын башында айтылган. 2022-жылдын 28-декабрында Суранованын саламаттыгын текшерип, дарыгерлер «жатын миомасы», «субмукоздук түйүн», «аялдардын органдарындагы эки тараптуу гидросалпинкс» диагнозун коюшкан.
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган. Кийинчерээк 13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыккан.