Марал Радиосу

ТИМ: Түркияда мерт болгон жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди

Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте жер титирөөнүн кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

14-февралда «Жүк-200» Кыргызстанга алынып келинип, Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Түркиянын жер титирөө катталган Хатай аймагында 36 жаштагы кыргызстандык келин урандынын алдында калып, жан бергенин аны бир тууган эжеси «Маралга» маалымдаган. Кийин Тышкы иштер министрлиги маалымат тастыкталганын билдирген.

Кыргызстандык келин бир жылдан бери Хатайда карыя багып, иштеп жүргөн.

Exit mobile version