Марал Радиосу

XX кылымда сүргүнгө айдалган кыргыздар тууралуу тасма тартылды (трейлер)

«Чалбасы кыргыздары. Эсимде» даректүү тасмасы тартылды. Бул тууралуу «Эсимде» изилдөө аянтчасы билдирди.

Акынбеков Талант авторлук кылган бул даректүү тасмада 1929-жылдардан кийин Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлө тагдырлары жана ал доордогу саясий процесстер чагылдырган.

Тасманы тартууда оор жылдарга күбө болгондордон жаздырылып калган эскерүүлөр, сүргүнгө айдалгандардын небере-чөбөрөлөрүнүн эскерүүлөрү, катып жүргөн сүрөттөрү, архивдик материалдар пайдаланылган.

Тасманын бет ачары 16-февралда саат 17:00дө Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында өтөт.

Exit mobile version