Марал Радиосу

Азия чемпионаты: Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Кыргызстандын рекордун жаңылады

Кыргызстандын курама командасы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатына катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 10-12-февралда Казакстанда өтүп, ага жалпы 30 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышты.

Кыргызстандык Айнуска Калил кызы 3000 метрге чуркап, марага 8:18:41 убакытта келип, бешинчи орунга илинди. Ошондой эле ал Кыргызстандын улуттук рекордун жаңылады.

Буга чейин 3000 метрлик аралыкка чуркоо боюнча рекорд жөө күлүк Дарья Масловага таандык болчу.