Марал Радиосу

Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 12 учуру катталды

Кыргызстанда 6-февралдан 12-февралга чейин COVID-19дун 12 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады.

Алардын ичинен жети бейтап ооруканага жаткырылган.

2022-жылы жана 2023-жылдын 43 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 863 учуру катталды.

Exit mobile version