Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу Венгриядагы бокс боюнча Bocskai Istvàn Memorial эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришти.
Эркин Адылбек уулу 86 кг салмакта күч сынап, финалда бельгиялык Легенас Идристи жеңип алган.
Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 кг салмакта катышып, күмүш медаль багындырды.
Эл аралык мелдеш 6-12-февралда Венгриянын Дебрецен шаарында өтүп, ага Кыргызстандан 10 спортчу катышты.