Марал Радиосу

Түркияда жер титирөө катталгандан бери 70тен ашык кыргызстандык эвакуацияланды

Түркияда жер титирөө катталгандан бери алты күндүн ичинде 70тен ашык кыргызстандык жаран Анкара, Анталия, Алания шаарларындагы коопсуз аймактарга, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кабарлады.

Бүгүн, 12-февралда Газиантеп шаарына учак барышы күтүлүүдө. Жеринде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жүрөт.

Кырсык болгон аймактардагы Кыргызстандын жарандарына азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө.

Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Түркиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелерине кайрылуулар түшкөн мекендештер менен байланыш бар экени кабарланды.

Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күн ичинде 1600гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты.

Кыргызстандын диаспораларынын өкүлдөрү активдүү колдоо жана жардам көрсөтүүдө. Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардан турган ыктыярчылар топтору түзүлүп, жабыркаган аймактарга Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдү тигүү үчүн жөнөтүлдү.

Exit mobile version