Марал Радиосу

Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Венгриянын Будапешт шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер кызматташуунун актуалдуу маселелерин, аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Жапаровдун Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан башка бул күндөрү Будапештте кыргыз жана венгриялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өтөт. 

Exit mobile version