Марал Радиосу

Кыргызстандык куткаруучулар кош бойлуу келинди куткарды

Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы «Баалыжан» районунда кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин кыргызстандык куткаруучулар тарабынан аман-эсен куткарылды.

Ооба, кыргызстандык куткаруучуларга эле эмес, бүтүндөй түрк элине кубаныч тартуулаган окуя бүгүн, 11-февралда күнү кыргызстандык куткаруучулар издөө иштеринин учурунда болду.

Кыргыз куткаруучуларына бөлүнгөн тилкедеги кыйраган имараттын урандыларынын астынан алты айлык боюнда бар 22 жаштагы келинди аман алып чыгышты.