Марал Радиосу

Ошто ММА спортчулары опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды (видео)

Ош шаарында аралаш уруш (ММА) спортчулары опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 4-февралында Ош шаарындагы «Нага Грэпплинг» федерациясынын президенти К. уулу Б. жана Х. уулу М., М.Х.А. аттуу эки ММА спортчусу Н.Ш.М. аттуу жергиликтүү тургунду жолугушууга чакырып, алкымына бычак такап, башына желим баштык кийгизип, унаасына салып кетишкен.

Жаранды белгисиз тарапка алып барышып, балка менен сабап, башына тапанча такап коркутушуп, 10 күндүн ичинде 600 миң сом таап берүүсүн талап кылышкан.

Айтылган факты боюнча кылмышка шектүүлөр кармалып, УКМКнын Ош облустук бөлүмүнүн тергөө абагына камакка алынганы, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.