Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Түркиянын элчилигине барып көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөдөгү адам курмандыктарына байланыштуу түрк элине көңүл айтты.

«Боордош элге адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргызстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда сиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр», – деди Акылбек Жапаров.

6-февралда Түркия менен Сирияда катуу зилзала катталып, каза болгондордун жалпы саны акыркы маалыматтар боюнча 20 миңден ашты.

Exit mobile version