Марал Радиосу

Президент Жапаров Түркиянын элчилигине барып көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров 9-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Ал Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, колдоосун билдирди.

«Бүгүнкү күндө жер силкинүүдөн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрөгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз! Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп келаткандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпөсүн, жөлөк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр» , — деди президент.

Түркия менен Сириядагы катуу зилзаладан каза болгондор акыркы маалыматтар боюнча жалпысынан 15 миңден ашты. Анын 12,5 миңдейи Түркияда.

Exit mobile version