Марал Радиосу

Орунбеков «Политклиника» сайтын жалган маалымат таратууга айыптады

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «Политклиника» сайты журналисттик этиканы бузуп, жалган маалымат таратканын фейсбук баракчасына жазды.

«Ага чейин, ЭлТР телеканалы энергетика тармагына алынган тышкы насыялар тууралуу маалымат көрсөтүп, президент Садыр Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир дагы насыя албаганын белгилеген. «Политклиника» сайты ЭлТРдин бул маалыматын жалганга чыгарып, такталбаган маалыматтар менен манипуляция жасаган. Кеп президент Жапаровдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болуп жаткандыктан бул маалыматты тактап коюу максатында Каржы министрлигинин, Энергетика министрлигинин жана ЭлТРдин өкүлдөрүн чакырып, ага «Политклиника» сайтынын өкүлдөрүн да чакырдык. Тилекке каршы, алар чакыруубузга келген жок. «Биз ачык булактарга таянып жазып кое беребиз, биз жөн эле обзор кылганбыз, фактчек дегендин мазмуну ушундай», — деген сыяктуу шылтоолорун айтты. Дилбар Алимова журналистика этикасы, медиасабаттуулук боюнча башкаларга окууларды уюштуруп келет. Бирок, бул материалында журналисттик этика сакталган эмес. Маалымат жарыялап жатканда эки тарапка орун берилет. «Политклиника» медиасы Энергетика министрлигине, Каржы министрлигине да кайрылып маалыматты тактаган эмес», — деп жазды Орунбеков.

«Политклиника» басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова такталган гана маалыматтарды чыгарышарын айтууда.

Exit mobile version