Марал Радиосу

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Германиядагы көргөзмөгө катышууда

Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү Германиядагы Creativeworld эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 4-7-февралда Франкфурт шаарында өтүүдө. Кыргызстандын кол өнөрчүлүк кеңешинин президенти Нурзат Жээнбек жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда 4-февралда Creativeworld эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышы өттү.

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөгө катышуусу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы соода программасынын жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.