Марал Радиосу

8-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-февралга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5 градус болот.