Марал Радиосу

Бишкекте Кыргызстан менен БАЭ ишкерлеринин жолугушуусу өтөт

20-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга БАЭден тамак-аш продукциясын импорттоого, мындан тышкары логистикалык кызмат көрсөтүү жана айыл чарба жана медициналык продукцияларды кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүгө кызыкдар 20 ишкер келет.

Жолугушууну даярдоо үчүн 6-февралда Бишкекке БАЭден Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышкан алдыңкы топ келди. Алар менен Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев жолугуп, Кыргызстандагы потенциалдуу инвесторлор үчүн түзүлгөн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, жеңилдиктер жана башка шарттар тууралуу айтып берди.