Марал Радиосу

Кыргызстандын жөө күлүктөрү Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы жөө күлүктөр Казакстандагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара 10-12-февралда Астана шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:

Ангелина Тяпова – 60 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоо, Светлана Майер – секирүү, Айнуска Калил кызы – 1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо, Тимур Исаков – секирүү, Мусулман Жоломанов –1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо.

Спортчулар улук машыктыруучу Андрей Полубабкин менен барышат.