Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда элчиликтин консулдук каттоосунда турбаган мекендештер тууралуу маалымат берүүнү суранды.
Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык мекемелерине өздөрүнүн туугандарынын маалыматтарын жана байланыш телефондорун, ошондой эле жакындарынын эсебин алуу, алар менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн төмөнкү телефондорду сунуштайт.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу:
+90 546 5570471, +90 534 8388551;
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу:
+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996 999 312002.
Түркиядагы жер титирөө болгон аймактар — Кахраманмараш, Хатай, Османийе, Адыяман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Газиантеп, Килис, Адана, Малатья, Газиантеп, Мерсин. Министрлик алдын ала маалымат боюнча бул кырсыкта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.
6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,8 баллга жеткен.
Акыркы маалыматтарга ылайык, 4300дөн ашуун адам каза болгон ири жер титирөөдөн кийин Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүгүндө куткаруу иштери жүрүп жатат. Би-би-си маалымат агенттиги жазгандай, Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921 адамга жетип, 15 миң 834 адам жаракат алган.
Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-февралга чейин өлкө боюнча аза күтүү жарыялаган.
Бул жер титирөө Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус аймактарына чейин жетип, 711 адам каза болуп, 1431 адам жабыркаган.