Марал Радиосу

Казакстан менен Кытайдын чек арасында күчү 4,7 баллга жеткен силкинүү болду

Казакстан менен Кытайдын чек арасында күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө 7-февралда Астана убактысы боюнча саат 8:45те катталган. Силкинүү очогу Алматыдан 375 км түндүк-чыгышта, Кытай аймагында болгон.

Жер титирөө Темирлан айылында 3 баллга, Чымкентте 2-3 баллга, Таразда 2 баллга жеткен.

Буга чейин 6-февралда да 5,4 баллдык жер титирөө болгон эле.