6-февралга караган түнү Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаров 81 жашында каза болду. Өмүрүн кино тармагына арнаган инсандын басып өткөн жолун бирге иштешкендер эскерип беришти.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрлук факультетин аяктаган.
Окуу жайда курстук иштери катары «Намаз окуу (Молитва)» жана « Тыныгуу (Пауза)» киноновеллаларын тарткан. 1967-жылы Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде толук метраждуу көркөм фильм тартып, дипломдук ишин жактаган. Бул тасма 1968-жылы Орто Азия жана Казакстандын кинофестивалында атайын диплом менен сыйланган.
Ушул тасма менен көптөгөн дүйнөлүк сынактарга катышып, бала кездеги өзү кумир тутуп жүргөн, дүйнөгө таанымал киночулардан мактоо укканын кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров айтып берди.
«Мен өзүм күбө болгом, Францияда чоң фестиваль болуп, ошондо Геннадий Базаров «Саманчынын жолу» тасмасы менен барган. Бул тасма дүйнөлүк классикага тең келет. Франциянын дүйнөгө белгилүү кино сынчысы тасманы көрүп алып, Базаровго алкышын аябай айткан. Студент кезинде Геннадий байке ошол сынчыны кумир тутуп жүрчү экен, ошол күнү конок үйгө чейин жаш балача сүйүнүп келгени эсимде. Кыргыз кереметинин түптөөчүлөрдүн бири катары бизге жана жаштарга анын элеси ар дайым үлгү бойдон калат».
Геннадий Базаров автордук тасмалардын түптөөчүлөрүнүн бири катары улуттук кинематография тарыхында жазылып калган. Сценарийин өзү жазган «Ката» (1977), «Каныбек» (1978), «Карылар үйү» (1987), «Кутум (Заговор)» (1989), «Аномалия» (1992), «Периште түнү» (1999), «Метаморфоза» (2006) тасмалары жогоруда берген баанын күбөсү боло алат.
Алгачкы тасмасы «Саманчынын жолунан» кийин да кино жаатында тынымсыз эмгектенип, кинорежиссёр катары атак-аброй алып келген «Буктурма» (1968), «Көчө» (1972), «Биринчи» (1984) өңдүү бир катар тасмаларды жарыкка чыгарган.
Геннадий Базаровдун чыгармачылыгы айрыкча эгемендик жылдардан кийин күч алып, «Каракыз» (2003), «Тыянак (Исход)» (2008), «Жаннат» (2009) жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды, кыска метраждуу көркөм тасмаларды, андан тышкары бир катар даректүү тасмаларды тарткан.
Айрыкча 2003-жылы тартылган «Каракыз» кино ышкыбоздорунун сүйүктүү тасмасына айлана алган. Кинонун башкы каарманы Каракыздын ролун ойноо үчүн чачын кырдырып салган актриса, телережиссёр Гүлсина Чотонова тасмага кантип тартылып калганын «Марал» радиосуна курган маегинде айтып берген.
«Геннадий агай мени чакырып, «Тасмага тартыласыңбы? Бирок чачыңды кырдырышың керек», — деп калды. Канчалык чыгармачылыкка аралышып, бардык жактан даярмын деп жүргөнүм менен ушул тасмага тартыларда корктум. Курбуман кеңеш сурасам, ал: «Геннадий Базаров киного тартам десе макул болушуң керек. Ал киши менен искусство жаратасың, бул нерсе сага таптакыр башка багытка кадам болот, ал киши менен иштөө сага чоң тажрыйба болот», — деп калды. Чынында эч өкүнбөйм, ал киши менен иштешип ушундай кадамга барганыма».
1994-жылдан тарта Геннадий Базаровдун «Альтернатива» автордук программасы өзгөчө социалдык-көркөм мааниге ээ болгон жана телевизиондук искусствосунун классикасына айланган. 2001-2004-жылдары Геннадий Базаров Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын президенти, 1966-2002-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясынын режиссёр-коюучусу, 2002-2004-жылдары «Кыргызтелефильмдин» директору, 2004-жылдан тарта студиянын режиссёру болуп эмгектенген.
Геннадий Базаровдун көпчүлүк тасмаларында роль жараткан КР эл артисти Назира Мамбетова кинорежиссёрдун адамгерчиги да абдан бийик болгонун айтат.
«Аябай бийик адам эле. Мен ушунусун өтө сыйлачумун. Ал эми бийик адамдан бир гана жакшылыктарды күтсө болот. Кайсыл жакта болсом да, ар дайым жардам берип турар эле. Мен аскар тоом деп ишенет элем (ыйлап). Мен «Биринчи», «Туздуу талаа», «Карагыз» сыяктуу бир топ тасмаларында роль ойнодум, эпизоддук роль болсо да Гена байке менен иштейм дечүмүн».
Геннадий Базаров 1974-жылы Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын, 1976-жылы «Ардак Белгиси» орденин, 1985-жылы СССР кинематографиясынын отличниги наамын, 1991-жылы КР эл артисти наамын, 1997-жылы КР Президентинин «Алтын калем» сыйлыгын, 2003-жылы III даражадагы «Манас» орденин, 2006-жылы «Жыл адамы» наамын, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты, 2009 жылы Ататүрк атындагы алтын медалды, 2013-жылы «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын лауреаты наамын, 2022-жылы II даражадагы «Манас» орденин алган.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 7- февралда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.