Марал Радиосу

Кыргызстандын тышкы иштер министри түркиялык кесиптешине көңүл айтты

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияннын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуга жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркиянын бир топ провинцияларында болгон катуу жер титирөө жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, боордош түрк элине бул кырсыктын кесепетин тез арада жоюушуна тилектешмин», – деп айтылат Кулубаевдин көңүл айтуусунда.

Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү маалыматты тактоо иштерин улантууда. Мекендештерге консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

6-февралга караган түнү Түркия менен Сирияда очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен Түркиянын ар кайсы шаарлардагы ондогон имарат кыйрап калган. Түркияда 76 адам каза таап, 440 адам жабыркаган.

Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө 237 адам каза болуп, 639 адам жабыркаган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):

+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Анталиядагы башкы консулдук:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

Стамбулдагы Башкы консулдук:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.