Марал Радиосу

Билим берүү мекемелеринде «Англис тилинин бир айлыгы» жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги «Англис тилинин бир айлыгын» жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкөнүн бардык билим берүү мекемесинде өткөрүлө турган иш-чара окуучулардын англис тилине кызыгуусун жогорулатуу максатын көздөйт.

Бир айлыктын алкагында ар түрдүү кызыктыруучу иш-чараларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды, ачык сабактарды өткөрүү мерчемделүүдө.