Марал Радиосу

Январда анафилактикалык шок менен 9 бейтап катталып, бирөө көз жумду

Кыргызстанда январь айында бейтаптарда күчтүү антибиотик — цефтриаксон сайылгандан улам пайда болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, алардын бири өлүмгө алып келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, колдонулган дарылар ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнөн келген: Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Россия.

«5 учурда кыйыр таасир дары-дармектерди үй шартында, медайымды үйгө чакыртып, кошунага сайдырып, башкача айтканда, анамнез албастан, лабораториялык анализдерди тапшырбастан, медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүсүз колдонуудан улам келип чыккан», — деп белгилешти министрликтен.

Анафилактикалык шок — бул тез, ылдам түрдөгү аллергиялык реакция. Анафилактикалык шокто дем алуу өтө кыйындайт, кан басымы төмөндөйт, эстен тануу мүмкүн.