Марал Радиосу

Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300 млрд сомду түздү

2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 300,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу жалпы кирешелер 43,2%га же 90,7 млрд сомго көп.

Былтыр салыктык кирешелердин көлөмү 229,0 млрд сомду же пландан 100,5%ды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 77,8 млрд сомго же 51,4%га өстү.

Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 74,3 млрд сомду, же пландын 100,8%га аткарылган. Өткөн жылга салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 27,4 млрд сомго, же 58,5 %га өстү.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 154,7 млрд сомду түздү, пландык көрсөткүч 100,4%га аткарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 50,4 млрд сомго же 48,3%га көп.

Ал эми расмий гранттардын түшүүлөрү 19,5 млрд сомду түзгөн бул өткөн жылга салыштырмалуу 41,9%га же 5,8 млрд сомго өскөнүн билдирет.

Exit mobile version