Марал Радиосу

Zagreb Open: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашына утулуп калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашына утулуп калды.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында маалымдалгандай, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунда кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) менен күрөштү. Кытайлык балбан Тыныбекованы 10:4 эсебинде утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бул мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) да катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.