Марал Радиосу

Кыргызстандын футбол курамасы мартта жолдоштук беттештерди өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы март айында эки жолу жолдоштук беттеш өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында Кыргызстандын курама командасы март айында талаа окуу-машыгууларын өткөрөт.

Ак-шумкарлар Индиянын жана Мьянманын командалары менен эки жолдоштук беттеш өткөрүүнү пландаштырууда.