Марал Радиосу

Ош филармониясынын директорлугуна сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат ордуна документ кабыл алууну жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, филармониянын директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

«Маданият жана искусство» багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы эки жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы үч жылдан кем эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

Бардык документтерди папкага тиркеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 13-февралга чейин тапшыруу керек.