Марал Радиосу

2027-жылы Азия Кубогун Сауд Арабиясы өткөрөт

2027-жылы Азия Кубогун Сауд Арабиясы өткөрөт. Бул тууралуу АФКнын Манамадагы (Бахрейн) конгрессинде белгилүү болду. Азия футбол конфедерациясына (АФК) караштуу ассоциациялар Сауд Арабиянын футбол федерациясын 2027-жылы Азия Кубогуна өткөрүүчү ассоциация катары бекитти.

Сауд Арабиясы мындай континенталдык чемпионатты биринчи жолу өткөрөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курама командасы тарыхта биринчи жолу 2019-жылы Азия Кубогуна катышып 1/8 финалдык баскычына чейин жетишкен.

2024-жылы Катарда өтө турган Азия Кубогуна да Кыргызстандын футболчулары катышат.

 Автор: Алпамышали уулу Мирбек