Марал Радиосу

Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн протез кол жасалды

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн протез кол жасап чыгышты.

Мекеменин жетекчиси Ализа Солтонбекованын айтымында, протезчилер жана техниктер атайын окуудан өтүп, «Киби» протезин жасоо үчүн сертификат алышкан.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин каттоосунда протез колго муктаж 311 жаран бар, алардын 26сы балдар.