Марал Радиосу

2022-жылы дүйнөлүк базарда эң көп сатылган автоунаалар (тизме)

Биринчи орунга Toyota Corola чыкты. Эксперттердин жүргүзгөн анализи боюнча 12 айдын ичинде 1,12 миллон даана унаа сатылган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 2,2 %га азайган.

Экинчи орунда Toyota RAV-4 жол тандабас унаасы турат. Бул маркадагы унаадан 2022-жылдын эсебинен 869 995 даана сатылган. Бул дагы өткөн жылга караганда 13,8%га аз.

Рейтингдин үчүнчү орунуна Түндүк Американын базарында бестселлер болгон Ford F-Series жайгашкан. Автоунаа бир жылда 786 757 даана сатылып, 2021-жылга караганда 8,8%га азайган.

Дүйнөлүк базарда популярдуулугу боюнча төртүнчү орунду Tesla Model Y ээледи. Анын дүйнөлүк базардагы соодасы 88,3%га көбөйүп, 758 605 даана сатылган. Жакынкы убакта бул көрсөткүч болуп көрбөгөндөй өзгөрүшү мүмкүн.

Кийинки орундарды жылдык сатуулары 675 272 даана болгон Toyota Camry жана Honda CR-V ээледи.

Тизмеде жетинчи орунда Tesla Model-3 электр седаны жайгашкан. Америкалык бренддин бул модели жеткирип берүү кызматы аркылуу 595 747 даана сатылган. Жылдык көрсөткүч 4,3%га өскөн.

Пикап Chevrolet Silverando 591 758 даана сатуу менен сегизинчи орунга чыкты.

Ал эми Toyota Hilux 2022-жылдын суроо-талабына жараша 564 208 (+2,5%) даана жана Hyundai Tucson 563 972 (+1%) даана сатылып, алдыңкы ондукка кирди.

Алпамышали уулу Мирбек