Марал Радиосу

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыялады.

Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 15-февралга чейин. Документтерди ар бир облус, шаар өзүнө тиешелүү болгон электрондук дарекке жиберет. Толук маалымат ушул шилтемеде.

Былтыр 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин конкурстук негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон. Андан кийин миңге чукул мектеп директору кызматтан алынып, конкурс жарыяланган.