Марал Радиосу

Жалал-Абад шаарында башаламан жайгашкан соода жайлары алынууда

Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү башаламан жайгашкан соода жайлары алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин кызматкерлери тарабынан Темир жол көчөсүндөгү өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган, башаламан жайгашып, шаардын көркүн бузган соода жайлары буздурулууда.

Алдыда мындай иштер улантылат.