Марал Радиосу

Экс-консул президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болду

Бообек Салимжанов президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Бообек Салимжанов 2017-жылдан 2019-жылга чейин Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматын аркалаган.

Ага чейин президенттин аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрлар менен иштөө бөлүмүнүн инспектору болгон.

Exit mobile version