Марал Радиосу

Пакистан: Мечиттеги жардырууда каза болгондордун саны 80ден ашты

Пакистандагы мечиттеги жардырууда каза болгондордун саны 83кө жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Кечээ, 30-январда Пакистандын Пешевар шаарындагы мечиттердин биринде теракт уюштурулган. Анда жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберген. Учурда бул терактын айынын 83 адамдын өмүрү кыйылып, 57 адам жаракат алган. Алардын айрымдары өтө оор абалда экенин Пакистан бийлиги маалымдаган.

Учурда Пешевардын бардык ооруканаларында өзгөчө абал жарыяланган. Бул теракттын жоопкерчилигин «Техрик-е Талибан Пакистан» террордук уюму өз моюнуна алды. Азырынча алар эмне максатты көздөгөнү тактала элек.