Марал Радиосу

Садыр Жапаровдун бийлигине эки жыл: Кандай өзгөрүүлөр болду?

Президент Садыр Жапаровдун ант берип, кызматына расмий киришкенине эки болду. Бул аралыкта жаңы Башмыйзам кабыл алынып, Кыргыз Республикасы кайрадан президенттик башкарууга өтүп, бийлик бир адамдын колуна топтолду. Өлкө башчы бийликке оор экономикалык жана саясий кризис учурунда келгенин ар качан кайталап айтып келет.

Эки жыл мурда Кыргызстандын жаңы шайланган президентинин кызматка расмий киришүү салтанаты өтүп, Садыр Жапаров: «Отуз жылдан бери жүргүзүлүп келаткан саясат өлкөнү экономикалык каатчылыкка кептеди», — деп өзүнө чейинки бийлик башчыларын айыптап, 2020-жылдын 5-6-октябрында көтөрүлүшкө чыккан элдин үмүтүн уурдатпоого убада берген. Аны менен катар кыргызстандыктардын ошол күндөрдөгү койгон талабын жүзөгө ашыруу президенттик кызматындагы негизги багыты болорун белгилеген. Андан тышкары экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырып, бизнести колдоого аракет көрүп, саясий куугунтуктоо болбой турганын, тышкы миграцияны азайтарын айткан.

Садыр Жапаров «Кумтөрдү» мамлекет үчүн иштетүүгө аракет кылам деп сөз берип келген. Былтыр Кыргызстандагы эң ири алтын кен «Кумтөр» мамлекетке алынды.

Экономист Элдар Абакиров эки жыл аралыгындагы көзгө көрүнүктүү иш катары ушул окуяны белгиледи. Бирок кендин акчасы Каржы министрлигине түшпөгөнү коомчулукта талкууланып жатканын, ал боюнча элге ачык, так маалымат берилиши керектигин айтат.

Мындан сырткары былтыр экономикалык тармакта 7%га өсүш болгонун, бирок өлкөдөгү инвестициялык климат начарлап кеткенин кошумчалады.

«Өлкөдө инвестициялык климат начарлап кетти, анткени көптөгөн бизнесмендерге коопсуздук жагынан берилбеген кепилдиктер, түзүлбөгөн шарттар инвестициялардын тартылуусуна терс таасирин тийгизүүдө.

Башка жагынан алып караганда, көптөгөн долбоорлор башталып жатат, бул Кыргызстанга аба менен суудай керек. Мисалы, «Камбар-Ата-1» ГЭСи, «Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан» темир жолу, ушуга окшогон чоң долбоорлор башталды. Бирок каражат кайсы жактан келет, канча убакытта бүтөт, бул жагы дале белгисиз».

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай башкаруу системасында болгон же болбогон өзгөрүүлөр тууралуу айтып, бир гана оптимизациялоо иштери көзгө көрүнгөнүн билдирди.

«Көзгө көрүнгөнү эле оптимизация иштерин жасап, Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин администрациясын бириктирип, кыскартканы болду. А мындай караганда аткаминерлердин саны ошол бойдон эле калды. Анан да кээ бир министрликтерге өзүнүн структурасын өз алдынча жүргүзүүгө уруксат берилген, ал эми башкаларга берилген эмес».

Дагы бир саясат талдоочу Эмил Жороев эки жыл ичинде өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык жашоосунда сапаттык жагынан өзгөрүүлөр болгон жок деп эсептейт. Убадалар, сөздөр гана айтылып, иш жүзүнө ашпай, мурдагыдай эле коррупциялык иштер орун алганын кошумчалады. Ошондой эле ал президенттин командасы жана дайындалган кадрлар чабал экенин сындады.

«Садыр Жапаров «бат жана чечкиндүү өзгөртүүлөрдү алып келебиз» деген ураан, убадалар менен келген болчу. Бирок алардын жемишин анчейин көрө элекпиз десем болот.

Экономикада болобу же башка бир мамлекеттин маанилүү тармагында реформа дегенге жараша реформачыл бир команда келбей жатат. Реформадай идеялар, стартегиялар калыптанып, элге сунушталганын байкабай турабыз».

Садыр Жапаров кызматка киришип жатканда өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн бир нече кадамын жарыялаган.

Анын бири бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу шарттарды түзүү болгон.

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков бизнести колдоого багытталган жарлыкта көптөгөн жакшы аракеттер каралганына, бирок анын көбү аткарыла электигине токтолду.

«Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин айрым демилгелери боюнча көптөгөн бизнесмендерден каршы пикирлер келген. Бизге болсо ар бир маселе, салык кодекси, электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТН) боюнча кайрылуулар, нааразычылыктар келип түшкөн. Биз да пикирибизди билдиргенбиз. Салык кодекси боюнча бир нече пикирлер эске алынып, кодекске өзгөртүүлөр киргизилген, ал эми айрымдары киргизилген эмес».

Жапаров ант берип жаткан учурда анын президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыздаларына ишендирип, журналисттерди коргоого убада берген. Ал «иликтөөчү кабарчылардын өмүрүнө коркунучтар жаралса, керек болсо мамлекет тараптан сакчы берилерин» айткан.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек өлкөдөгү сөз эркиндиги мурунку бийликтердин режимине айланып, тарых кайталанып жатат деген пикирде.

«Мурунку президенттердей эле сын айткандар менен күрөшүп жатат. Кыргызстандын реалдуу маселелери, көйгөйлөрү менен күрөшпөй, бирөө сын айтып койсо ошону камап, иш козгоп жатып калышат. Бардык иш-аракеттер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эмес, кандайдыр бир жол менен бийликти бекем сактап калуу аракеттери дагы эле уланып келе жатат».

Талдоочулар  сын-пикир айткан кишилер чекеден камала берип, парламентте да, анын сыртында да оппозиция калбаганын, иш жүзүндө Кыргызстанда демократия формалдуу түрдө гана сакталып калганын белгилеп келишет.

Экономика өсүп жаткандан кийин бюджет да өстү дегендер да жок эмес. Буга далил катары ички дүң өнүмдүн өсүшү менен бюджет мисал келтирилет.

ИДӨ соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты.

Мындан сырткары номиналдык эсеп менен алганда деле мурдагы жылдары ички дүң өнүм 500-600 млрд сом менен чыкса, акыркы эки жылда 700-900 млрд сомдон ашты.

Exit mobile version