Былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн балмуздактын экспорту 40%га өскөн. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айындагы тышкы жана өз ара соода боюнча отчётунда айтылды.
Кыргызстандын балмуздактарынын негизги импорттоочусу Казакстан болуп саналат, өткөн жылы бул өлкөгө 99,5%, 2021-жылы 99,1% сатылган.
Тагыраагы, 2021-жылы казакстандык импортерлор ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 3,5 миң тонна балмуздак сатып алышкан, ал эми 2022-жылы 40%, 4,9 миң тоннага көп.
Ошол эле учурда Кыргызстандан Өзбекстанга балмуздак ташып келүү да 10%га өссө, Орусияга тескерисинче эки эсеге азайган.