Марал Радиосу

Нурзат Нуртаева эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Орусияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде коло медаль тагынды.

Аталган мелдеште кыргызстандык балбан кыз 68 кг салмакта күч сынашты. Спортчу жарым финалда Ксения Бураковага жеңилип,  коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Ал эми үчүнчү орунга болгон беттеште Нуртаева атаандашын 8:7 эсебинде жеңип, коло байге жеңип алды.

Белгилей кетсек, Иван Ярыгиндин кубогу 26-29-январда Орусиянын  Красноярск шаарында өттү. Ага Кыргызстандын атынан 13 спортчу катышты.