Марал Радиосу

Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Бишкектин Асаналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январдан тарта Асаналиев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө канализация коллекторунун курулушу башталган.

«Курулуш иштеринин алкагында диаметри 600 мм канализация түтүктөрүн салуу каралууда. Буга байланыштуу унаа кыймылы токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Шаардыктардан жана борбор калаанын конокторунан кыймылдын альтернативдүү жолдорун алдын ала тандоону өтүнөт.