Марал Радиосу

Баланы сабап видеого тарткан аялга кылмыш иши козголгон

Баткен облустук милициясы баланы сабап видеого тарткан аялдын окуясы боюнча маалымат берди.

27-январда Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул маалымат Кадамжай РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

Жогоруда айтылган үй-бүлө 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде өз ара келише албай калгандыктан, чогуу жашабай калышкан. Ш.М. 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Бул факты боюнча балага  карата соттук-медициналык жана соттук-психо-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Ш.М.  уюлдук телефондору далил буюм катары алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 138-бер. 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.

Exit mobile version