Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында кыска мөөнөттүү 280 бала бакчада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ошондой эле 432 курулуш компанияларына жарыя тууралуу кабар берилди.
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү тендерге байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн катышуучулар менен офлайн жана онлайн форматта тандап алууга чейинки жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырган:
- Баткен – 16-февралда, саат 11:00дө
- Ош – 17-февралда, саат 11:00дө
- Жалал-Абад – 20-февралда, саат 14:00дө.
Тендердик документациялар жана долбоорлоо чиймелери электрондук түрдө жана төмөнкү даректер боюнча берилет:
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү. Дареги: Бишкек ш., Манас пр., 22А, Телефондор: +996 (312) 31-70-55/31-70-16. E-mail: gpeprocurement@gmail.com
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзөт.
Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан бала бакча үчүн сунушталган имарат же кааналарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт, санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, тарбиячыларды окутуудан өткөрөт, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, билим берүү (эмерек, килем, оюнчуктар, окутуу куралдары, балдар аянтчалары) үчүн керектүү болгон жумуштарды аткарат.
Кыска мөөнөттүү 500 бала бакча 20 миңден ашуун баланы камтууга мерчемделген.