Марал Радиосу

Бишкекте ышка каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында шаардык муниципалитетте абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында иш-чаралардын кыска жана орто мөөнөттүү, ошондой эле узак мөөнөттүү планы талкууланды.

Кыска мөөнөттүү иш-чаралардын сап башында Бишкек шаарынын турак жай конуштарын газ менен жылытууга өткөрүү турат. Тактап айтканда, 2023-жылы 5 конушка газ киргизүү пландалууда.

Экинчи орунда муниципалдык бардык көмүр отканаларды газга жана башка  альтернативдүү  жылуулук булагына  өткөрүү  зарылдыгы белгиленди.

«Ошондой эле келерки жылы өтүүчү от жагуу мезгилинде Бишкек шаарында «Кара-Кече» көмүрүн жагууга чектөө киргизип, Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү маселеси талкуууланды.  Мындан тышкары жаңы конуштарда 12 муниципалдык мончо куруу зарыл. Мындан сырткары таштандыларды кайра иштеткен завод куруу керек. Азыркы учурда экологиялык транспортко болгон жалпы муктаждык 1500 бирдикти түзөт. Мындан тышкары коомдук транспорт жана такси кызматы үчүн бөлүнгөн  жол тилкесин түзүү жана  500 бирдик экологиялык коомдук транспортун киргизүү зарыл болуп турат», — деди Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров.

Мындан тышкары бир түстөгү 500 даана электр таксилерди сатып алуу боюнча  инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралууда.

Жыйында каралган маселелердин бири Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча сейил бактардын жана гүл бакчалардын аймактарын көбөйтүп, сейил бактардын аянтын 21.6 гектарга чейин кеңейтип, бак-дарактарды отургузуу жолу менен «Жашыл коридорлорду» куруу долбоорун жүзөгө ашыруу.

Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу,  борбордун аймагын Чүй облусунун эсебинен кеңейтүү сунушу киргизилди

Жыйында узак мөөнөттүү чаралар арасында темир жолду шаардын сыртына чыгаруу, көп кабаттуу үйлөрдү курууну жөнгө салуу, жол тыгындарын азайтуу максатында жол-транспорттук түйүндөрдү кароо, жолдорду кеңейтүү жана ачуу маселелери сунушталды. Мындан тышкары Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө, башкача айтканда, эл жана транспорт көп топтолуучу жерлер жайгашкан базарларды, автобекеттерди жана калкты тейлөөчү мекемелерди шаардын чет жагына көчүрүү сунушу берилди.

Узак мөөнөттүү чараларга Энергетика министрлиги тарабынан ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленди.

Аталган сунуштарды калаа башчысы Министрлер кабинетинин төрагасына айтып берип, өз кезегинде Акылбек Жапаров кошумча сунуштары менен бөлүштү.

Exit mobile version