Марал Радиосу

Баткенде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Баткен облустук милициясынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматы атайын операция учурунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын аныкташты.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иш козголуп, ыкчам иликтөө башталган.

Иликтөөнүн аркасында 1957-жылы туулган М.М. аттуу жергиликтүү тургун колго түшүрүлгөн.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version