Марал Радиосу

Бишкектин окуучулары убактылуу онлайн окутууга өттү

Бишкекте түштөн кийин окуган бардык мектеп окуучулары 26-27-январда онлайн окутууга өттү. Бул маалыматты шаардык мэриядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-январдан тарта окуучулар кадимки режимде окуй баштайт.

Ошондой эле Ош базарындагы 31-январь, дүйшөмбүдө өтө турган санитардык күн бүгүнкүгө жылдырылды. Бүгүн, 26-январда базар жабык болот.

Мындай чечим Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында жолдордун тосулушуна байланыштуу кабыл алынды.