Марал Радиосу

Китеп окуу эс тутумду бекемдеп, альцгеймерге чалдыгуудан сактайт

stack of books and open book and round glasses close up on wooden table near bookcases

Медицина илиминде деменция же альцгеймер деп аталган унутчаактык, эс тутумдун начарлашы көбүнчө улгайган куракта күчөй баштайт. Албетте, мунун алдын алууга азырынча медицинанын күчү алсыз, буга каршы таасирдүү дары-дармек чыга элек. Анткен менен эс тутумду бир калыпта сактоо үчүн, эрте айнып калуудан сактануу үчүн окумуштуулар бир катар ыкмаларды сунушташат. Алардын бири – китеп окуу.

Альцгеймер оорусу менен кимдер ооруйт?

Альцгеймер оорусунун негизги белгилери: адамдын эс тутумунун бузулушу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү жана ой жүгүртүүсүнүн начарлашы. Бул ооруга көбүнчө улгайгандар, кант диабети менен ооругандар, инсульт алгандар чалдыгат. Дагы бир белгиси тукум куучулук болушу ыктымал. Бирок дарыгерлер оорунун кантип, кандайча пайда болгонун, кайсы факторлор таасир этерин так айта алышпайт.

Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, 65 жаштан ашкан адамдардын болжол менен 10%ы жана 75 жаштан жогорку адамдардын 20%ы деменция, кыргызча айтканда, айнып калууга чалдыгат. Бул оорудан дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашык адам жабыркайт. Окумуштуулардын божомолунда 2050-жылга чейин альцгеймерге чалдыккандардын саны үч эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Китеп окуу, билим алуу эс тутумду бекемдейт 

Неврологдордун айтымында, китепти үзгүлтүксүз окуган адамдын эс тутуму бекем болуп, айнып калуу коркунучу аз. Китеп окуу эс тутумга оң таасир этип, мээнин иштешин тездетет.

Иллинойс университетинин алдындагы Бекман атындагы алдынкы илим жана технология институтунун окумуштуулары атайын сыноо жүргүзүп көрүшкөн. Ага 60 жаштан 79 жашка чейинки 76 адам катышкан. Алар сегиз жумалык изилдөөнүн жүрүшүндө аптасына беш күндөн, күнүнө 90 мүнөттөн китеп окушкан. Анын натыйжасында китеп окуу адамдын эс тутумун жакшыртары аныкталган.

Китеп окуу акыл-эске зор пайдасын берип, нейрондордун иштешин күчөтүп, нерв системасын жакшыртат. Мындан тышкары адамга ырахат тартуулап, стресстен арылтып, ден соолукту чыңдоочу касиетке ээ.

Даярдаган: Аида Омурзакова

Китеп окуунун кесип тандоого кандай таасири бар?