Марал Радиосу

Ысык-Көлдө пансионат, эс алуу жайлар текшерилүүдө

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусундагы пансионат жана эс алуу жайларынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшере баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саркындуу сууларды тазалоочу курулмарын мониторингдөө процесси да ишке киргизилди.

«Бир айдын ичинде комиссия шаар куруу жана архитектура, экологияны сактоо жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча инвентаризация жүргүзөт. Аягында текшерүүнүн жыйынтыктары коомчулукка жарыяланат», — деп айтылат маалыматта.